Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2015 12:08

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөн 18 жашка толо элек кыздар кармалды (фото)

Turmush -  Ош шаары менен Сузак районунун 18 жаштагы тургундары Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Алиева билдирди.

Мэриянын атайын буйругунун негизинде шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, жергиликтүү салык башкармалыгы жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен шаар ичиндеги түнкү клубдарга жана шектүү жайларга үч күндүк рейд жүргүзүлгөн.

А.Алиеванын айтымында, бул текшерүүнүн натыйжасында «Микс», «Эрбол», «Ретро», «Бегалина» жана башка эс алуучу жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кечки саат 23:00дөн кийин коомдук тартипти бузуп, музыка жаңырткандыктары үчүн эскертүү берилди.

Ал эми эскертүүлөргө карабастан, түнкү саат 24:00дө музыкасын токтотпогондугуна байланыштуу «Мартини» түнкү клубуна акт түзүлүп, администратор тарабынан түшүнүк кат алынды. Салык башкармалыгына иш кагаздарын тактоо максатында тапшырма берилди.

«Ошондой эле, түнкү клубдардан сырткары шектүү жайларды текшерүүгө алдык. Анын натыйжасында 18 жашка чыга элек сойкулук менен алектенген Ош шаарынан жана Сузак районунан келген кыздар кармалып, шаардык ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү», - деп билдирди ал.

Мэрия тарабынан жума сайын кезек менен түнкү рейддер жүргүзүлүүдө.

60

61

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×