Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2015 10:24

Фото – Жалал-Абадда кыргыз эл акыны С.Тургунбаевдин 75 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы театрында 5-декабрда КР эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сүйөркул Тургунбаевдин 75 жылдык маарекеси салтанаттуу түрдө белгиленип, ага Бишкек, Ош шаарларынан жана Баткен облусунан акын, жазуучулар келип катышты.

Кыргыз эл акыны, Т.Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, 1979-жылдан бери СССР жазуучулар союзунун мүчөсү С.Тургунбаев Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылында 1940-жылы 12-июнда туулган. 1964-жылы азыркы КНУнун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Алай районундагы мектепте орус тили жана адабияты, чет тили мугалими болуп иштөө менен баштаган. Бир катар ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, ошондой эле адабий сын макалалардын автору, 1-поэтикалык жыйнагы 1966-жылы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен жарык көргөн.

Мааракелик салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын бийлик өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынан, Баткен жергесинен келген акын, жазуучулар, акындын туугандары катышты. Алар С.Тургунбаевге узун өмүр, чың ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык эргүү каалашып, өздөрүнүн белектерин тапшырышты.

Андан тышкары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев окуу жайдын алдындагы «Рыспай Абдыкадыров атындагы клубдун ардактуу мүчөсү» күбөлүгүн тапшырып, Базар-Коргондун акимчилиги тарабынан райондун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Акын С.Тургунбаев өзүнүн досу маркум Рыспай Абдыкадыров жана Бекмамат Осмоновго арнаган ырларын окуп берди.

Маараке белгилүү эстрада ырчыларынын ырлары менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×