Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2015 09:55

Футзал боюнча мелдеште «Бажы» клубун «Динамо» командасы 2:4 эсеби менен жеңди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 5-декабрда футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын алкагында Ош облусунун «Бажы» клубу менен Жалал-Абад облусунун «Динамо» командалары беттешти.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, беттеш 2:4 эсеби менен аяктап, «Динамо» командасы жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, 2015-2016-жылдын сезонунда Суперлига 2 тайпага бөлүнүп, 8 команда катышат.

«А» тайпасына «Нурфинанс», «Эмгек», «Фарватер» (бардыгы Бишкек шаарынан) жана «Мурас» (Жети-Өгүз) клубдары кирет. «В» тайпасы «Динамо» (Жалал-Абад), «Ош бажысы» (Ош облусу), «SRT» (Ош шаары) жана «Химик»(Сузак айылы) командаларынан турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×