Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.12.2015 18:04

Фото - Жалал-Абадда телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад облустук Барпы театрында телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы чоң салтанат менен белгиленип, анда алдыңкы журналисттер жергиликтүү бийлик тарабынан сыйланышты.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Куттумидин Базаркуловдун айтымында, 8-декабрь – Телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жыл сайын майрамдык салтанат белгилүү ырчылардын коштоосунда өткөрүлүп, анда келген көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулоо адатка айланып келе жатат.

Телевидение күнүнө арналган салтанатты белгилүү эстрада ырчысы Гүлзинат Суранчиева менен ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов алып барышты.

Алгач белгилүү төкмө акын, алтын комуздун ээси Рахматулла Козукеев маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун атынан телевидение кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өзүнүн да каалоо-тилеги менен салтанатты ачып берди.

Андан кийин, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева облуста 5 телевидение иштеп, элге маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө өзүнүн зор салымын кошуп жаткандыгына токтолуп, телевидение кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалады.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан «Улуттук экономиканы чыңдоо жылына» карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында жарыяланган сынакта утуп чыккан телекомпаниялар менен журналисттерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул сынакта ЖТР биринчи орунга жетишип, 70 миң сом акча жана дипломго ээ болду. Ал эми «Сентябрь» телекомпаниясы 2-орунга жетишкен. КТРК менен ЭлТРдин кабарчылары да акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Таирбек Чойбеков жана шаардык кеңештин төрагасы Эрнистбек Ормоков да журналисттерге Ардак грамота менен акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Мындан сырткары, ар бир райондун акимдери менен облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери да телевидение кызматкерлерин куттукташып, өздөрүнүн белектерин беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×