Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.12.2015 13:58

Жалал-Абадда студенттер үй-бүлөлүк жаңжалдарды азайтуу темасына арналган «Плакат» сынагына катышты

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үй-бүлөлүк жаңжалдарды азайтуу темасына арналган «Плакат» сынагына активдүү катышты, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн 4-декабрда студенттер аталган сынакка көптөгөн сүрөттүү плакаттарды алып чыгышты.

Сынак 25-ноябрь — Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүнө байланыштуу өткөрүлгөн акциянын алкагында уюштурулду.

Акциянын максаты — аялдардын коргоого муктаж бөлүгү күндөлүк турмушта учурап жаткан кыйынчылыктарга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелинет.

Анын жүрүшүндө катышуучулар аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын келип чыгуу себеп-жагдайлары жана ошондой кырдаалга кириптер болгон аялдар тууралуу кабардар болушту.

Студенттер эркектерге күрөң байламталарды таркатышып, алардан аялдарга үстөмдүк кылбоону өтүнүп, мындай окуялардын күбөсү болсо жашырбоого чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×