Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.12.2015 12:14

Жалал-абаддык окуучулар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууну талкуулоо менен ата-энелердин ролунда ойноп беришти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын бир нече мектептеринде үй-бүлөлүк ынтымакты даңазалаган тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу талкууну уюштурган шаардагы «Каниет» кризистик борборунун жетекчиси М.Нуракова билдирди.

Анын айтымында, мындай талкуунун бири шаардагы №5 гимназия мектебинде да болуп өттү.

Анда аялдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулукту азайтуу маселеси талкууланды. Талкууда мектеп окуучулары үй-бүлөлүк мамилени чыңдоого чакырган өздөрүнүн оюн-тамашаларын көрсөтүшүп,  ата-энелердин ролунда ойношту. Ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу милдеттери тууралуу да сөз болду.

Балдар тегерек столго катышкан мугалимдер менен улгайган адамдардын зордук-зомбулукту жоюу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүү зарылдыгы тууралуу ой-пикирлерин, кеңештерин угушту. Жыйынтыгында ата-энелердин ролун жакшы аткарган окуучуларга белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×