Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.12.2015 10:06

Жалал-Абаддагы майып жарандар гандбол боюнча мелдешке түшүштү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кечээ, 3-декабрда Майып жарандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата район, шаарларда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусунда спорт эстафетасы, гандбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга Барпы театрынын өнөрпоздору даярдаган концерт тартууланып, сый тамак уюштурулду.

Ага жалпысынан 80ден ашык майып жаран чакырылып, сынакта жеңгендерге, талантын тартынбай көрсөткөндөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар берилди.

Андан сырткары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары материалдык колдоо көрсөттү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков саламаттыгынан жабыркап тургандар коомдо жалгыз эместигин, жашоодо жакшылыгын аябаган жакшы адамдар бар экенин айтып, аларды жакшылыктан үмүт үзбөөгө чакырды.

«Асыл Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомунун төрайымы Жумакан Жаркулова майыптарды эстен чыгарбай, ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткан облустук милициянын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын өкүлдөрү Сузактагы карылар жана майыптар үйүндөгүлөрдүн саламаттыгын текшерди.

Аталган жайдын башчысы М.Узакбаевдин маалыматына ылайык, бул жерде жалпысынан 97 адам жашайт. Алардын 30дан ашыгы майып адамдар болуп саналат.

Жалал-Абад милициясынын медицина кызматкерлери карылар жана майыптар үйүндөгүлөрдүн саламаттыгын маалы менен текшерип, колдорунан келген жардамды берип турушат.

Карылар үйүндө 14 жылдан бери жашаган, мындан 4 жыл мурун көзү көрбөй калган Алымжан Токтобаев аттуу аксакал жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×