Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.12.2015 17:26

Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик тилдин 2 айлыгындагы жеңүүчүлөрдү аныктады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгына карата уюштурулган 2 айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, анда алдыңкы орунду алгандарга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Аталган иш-чарага шаардын 1-вице-мэри Таирбек Чойбеков, шаардык кеңештин төрагасы Эрнистбек Ормоков жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда 1-вице-мэр Т.Чойбеков жана Э.Ормоков келгендерге мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошуп, 2 айда бир топ иш-чаралар аткарылгандыгын айтышты.

Мэриянын мамлекеттик тил боюнча адиси Үпөл Асаналиеванын берген маалыматына караганда, 2 айлыкты өткөрүү боюнча шаардын мэринин атайын буйругу чыгып, 5-октябрдан 5-декабрга чейинки аралыкта ар бир мекеме-ишканалар катышууга милдеттүү болгон.

Жыйынтыгында, «Үлгүлүү эмкана – 2015» номинациясына шаардагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору татыды. Ал эми «Үлгүлүү ишкана» катары шаардагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы табылып, 3-орунду ээлеп, 2 миң сомго ээ болду. «Үлгүлүү бала бакча» номинациясын №7 бала бакчасы алып, 2-орун жана 2,5 миң сом менен сыйланды.

«Үлгүлүү банк» номинациясына Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы татып, 2-орун 2,5 миң сом алса, «Үлгүлүү мекеме» катары шаардагы социалдык өнүгүү башкармалыгы табылып, 3 миң сомдук акчалай сыйлык алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×