Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.12.2015 16:30

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык борборуна президент акчалай жардам көрсөттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык стационардык борборунда жаңы салынган имаратка эмеректерди алуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 575 миң сомдук сертификат тапшырылды. Бул тууралуу аталган борбордо 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун эл аралык күнүнө уюштурулган иш-чаранын алкагында борбордун жетекчиси Дамира Алимжанова билдирди.

«Бул борбордун имаратынын эскилиги жетип калгандыктан, быйыл жаңы имарат курулуп, толук бүткөрүлгөн, бирок жаңы эмеректер алына элек болчу. Президентибиз жардам берип, сертификат тапшырды. Албетте, элдин камкордугун көргөн инсан эч качан кем болбойт, жамаатыбыз менен ыраазычылык билдиребиз. Эми жаңылана элек ашканабыздын имараты калды», - дейт Д. Алимжанова.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аталган борборго 20 миң сом акча каражатын тапшырды. Эскерте кетсек, аталган борбордо жалпы 93 бала камкордукка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×