Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2015 18:47

Жалал-Абадда зордук-зомбулук көйгөйү театр-форум аркылуу талкууланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Зордукту билбей, дайыма тынчтыкта жашайбыз!» деген аталышта форум-театр болуп өттү. Бул тууралуу «Каниет» кризистик борборунун башчысы Мимоза Нуракова 2-декабрда билдирди.

Форум-театр «Аялдарга зордук-зомблукту көрсөтүүгө каршы 16 күн» акциянын алкагында болуп өттү.

Ага мектеп окуучулары, мугалимдер жана шаардын Достук аймактык башкармалыгынын аялдар, аксакалдар кеңештеринин өкүлдөрү катышты. Анда көрсөтүлгөн сюжеттерге байланыштуу окуучулар менен ата-энелер өз ой-пикирлерин билдиришти.

Театр-форумга активдүү катышкан окуучулар менен мугалимдерге баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×