Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2015 16:41

Жалал-Абадда майып жарандар үчүн кайрымдуулук марафону өтүп, алардын эмгектери көргөзмөгө чыгарылды

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драм театрында бүгүн, 2-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук марафону өткөрүлдү. Бул тууралуу Достук аймактык башкармалыгынын жооптуу катчысы Шарипа Мамбаева билдирди.

Анын айтымында, марафонду Жалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Данакер» коомдук уюму уюштурду. Марафонго шаардагы жана облустагы мекеме-уюмдардын жамааты, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын, шаардык жана облустук бийликтердин өкүлдөрү жана майып адамдар катышты.

Марафондо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан жаралган буюмдар көргөзмөгө коюлуп, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жалал-Абад шаарындагы Достук аймактык башкармалыгы өз аймагындагы майыптарга 1,5 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×