Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2015 15:00

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга куурчак театры уюштурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы бир нече ишканалар, жеке ишкерлер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга демөөрчүлүк жардамдарын беришти. Бул тууралуу «Мээрим-Булак» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин коомдук фондусу уюштурган иш-чарада маалым болду.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка балдардай эле коомдон артта калбай, өз өнөрлөрүн өстүрүп, келечекке умтулуп жашашат. Балдар үчүн жакшы шарттарды түзүп, көңүлүн көтөрүп, жаркын жашоого үндөп, мындай иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ошондой эле, балдардын көңүлүн көтөрүп, аларга жардам берип, шаар аймагындагы демөөрчүлөрүбүз келип турушат», - дейт аталган коомдук фондунун жетекчиси Майрамкан Мисиралиева.

Иш-чара 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулуп, балдарга куурчак театры көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×