Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2015 14:28

Жалал-Абадда Жазуучулар күнүндө жергиликтүү акын-жазуучулардын чыгармасы талкууланат

Turmush -  12 -декабрь — Жазуучулар күнүндө Жалал-Абад облустук китепканасы жергиликтүү акын Самидин Станбековдун «Тирүүлүк өзү - көз ирмем» аттуу поэтикалык ыр китебин окурмандар менен талкуулайт. Бул тууралуу облустук китепкананын директору С.Аталиева билдирди.

Анын айтымында, талкууга акын-жазуучулар менен артисттер жана башка маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары менен жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, адабият ышкыбоздору катышат.

Жергиликтүү акын-жазуучулардын окурмандар менен болгон байланышын чыңдоо, жалал-абаддык авторлордун чыгармаларын даңазалоо жана алардын китептерин эл арасына таратуу үчүн мындан ары тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Иш-чараларды өткөрүү облустун шаар, райондорундагы, окуу жайларындагы китепканаларга сунуш кылынат. Учурда Жалал-Абадда 193 китепкана бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×