Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2015 08:47

Кыргызстандын 400дөн ашык жараны Сирияга ар кандай жолдор менен кеткен, - муфтий М.Токтомушев (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Мекеним менин Кыргызстан» доолбордун алкагында кечээ, 1-декабрда диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында 800 адамдын катышуусу менен ири масштабдагы илимий конференция өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференция жаштарга дин тууралуу толук маалымат берип, ар кандай террордук чакырыктардан алыс болуу жана диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Б.Эсенов, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн дин иштери боюнча өкүлү А.Камбаров, Жалал-Абад облусунун казысы А.Закиров, Ош облусунун казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ж.Жоробеков жана облустун ЖОЖ, кесиптик окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары катышты.

Жыйында муфтий М.Токтомушев бүгүнкү күндө Кыргызстандын 400дөн ашык жараны Сирияга ар кандай жолдор менен кеткендиги маалым болгондугун айтты.

«Ошондуктан урматтуу жаштар, ислам динине шек келтирүүдөн, диндин терс көрүнүштөрүнөн алыс болуп ИГИЛ деп туткан террорчулар ким экенин, маани маңызын терең түшүнүп, кечиримдүүлүк менен күнөөнү, арам менен адалды таалим менен тарбиясыздыкты, жаман менен жакшыны ажырата билгиле, эч качан ИГИЛ террордук чакырыктарга алданбагыла», - деди М.Токтомушев. 

Андан кийин залда олтурган студенттерге Сирияга адашып барып келген инсандар тууралуу, жалпы эле республикадагы диний абалды чагылдырган тарбиялык маанидеги документалдуу видео тасма көргөзүлдү. Ошондой эле, жаштар тарабынан муфтийге жана уюштуруучуларга 100дөн ашуун кат түрүндөгү суроолор келип түшүп, жооп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×