Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.12.2015 17:20

Жалал-Абадда акыркы жылдары миграциянын эсебинен СПИДге чалдыккан аялдардын саны көбөйүүдө

Turmush -  Акыркы жылдары ички, тышкы миграциянын эсебинен жыныстык жол аркылуу ВИЧ/СПИДге чалдыккан аялдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Эльмира Сатарова Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрдын алдында өткөн акция учурунда маалымдады.

«Жылдан жылга ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Буга жарандардын кооптуу жүрүм-туруму, баңги заттарын колдонуу, башаламан жыныстык катнашта болуу, ВИЧ илдетине карата текшерүүдөн өтүүдөн баш тартуу жана ички, тышкы миграция да чоң таасирин тийгизүүдө. Илдеттин тарашына бөгөт коюу, ВИЧ жугуштуу оорусунан сактануу үчүн ар бир адам сергек жашоо образын тандап алышы керек», - дейт ал.

Акцияда тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку жана орто окуу жайлардын студенттерине, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул социалдык илдет боюнча суроо-жооптор уюштурулду.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча илдетке кабылгандардын эң көбү шаар аймагынан катталып, бүгүнкү күндө алардын саны 314кө жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×