Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.12.2015 13:27

Бүгүнкү 6 баллдык жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунда болду

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрда саат 12:13 чамасында катталган жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунда болду. ӨКМдин Сейсмология институту билдирген маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогундагы күчү 5-6 баллга жеткен.

Жер титирөө Жаз-Кечүү, Ак- Булак, Кызыл-Үңкүр айылдарында 6 баллга, Орток айылында 5,5 баллга, Арсланбапта 5 баллга, Көк-Жангак айылында 4 баллга, Кара-Көл шаарында 4 баллга, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга, Ош шаарында 2-3 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×