Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.12.2015 09:12

Фото - Жалал-Абадда мамлекеттик тилди даңазалаган иш-чара өттү

Turmush -  Кечээ, 30-ноябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик тилге аралган иш-чара уюштурулду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан «5-октябрдан 5-декабрга чейин мамлекеттик тилдин 2 айлыгы жарыялансын» - деген атайын буйрук чыккан.

Шаардык мэриянын мамлекеттик тил боюнча адиси Үпөл Асаналиеванын берген маалыматына караганда, аталган буйруктун алкагында, шаардагы бардык мекеме-ишканалар, уюмдар менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү максатында иш-чараларды өткөрүп жатышат. Анын жыйынтыгы 5-декабрда чыгарылат.

«Бала бакчадан тартып, мекеме-ишканалар, укук коргоо органдары жобонун негизинде мамлекеттик тилге арналган иш-чараларды өткөрүп жатышат. Банктарга да кат жөнөтүлгөн. Бардык банктардын арасынан Улуттук банктын облустагы башкармалыгы мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө өздөрүнүн салымын кошуп, ушундай иш-чара өткөрүлдү», - дейт Ү.Асаналиева.

Улуттук Банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мамлекеттик тилге арналган дубал гезит чыгарылып, кыргыз тил бурчу уюштурулган. Ал эми бүгүнкү иш-чарада анда иштеген кызматкерлер «Манас» айтышып, комуз жана аккордеондун коштоосунда ырдашып, мамлекеттик тилди даңазалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×