Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.12.2015 09:11

Жалал-абаддык жаштар ВИЧ/СПИДдин таралышына каршы чакырык менен чыгышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын саны 314кө жетти. Алардын басымдуусу 45 жашка чейинкилер. Бул тууралуу кечээ, 30-ноябрда Жалал-Абад шаарында ВИЧ/СПИД илдетине бөгөт коюу, илдетти жуктуруудан сактануу боюнча жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатындагы «Биз жашоону тандайбыз» иш-чарасында белгилүү болду, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган иш-чара шаардык жаштар комитети тарабынан даярдалып, шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттеринин ортосунда сынактар уюштурулду. Анын жүрүшүндө жаштар СПИДге каршы экендигин сахналаштырып көрсөтүп беришти.

«Жаштардын достугун чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ВИЧ/СПИД илдетине бөгөт коюу максатында жана 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ушундай иш-чаралар уюштурулууда», - деди жаштар комитетинин адиси Байышбек Ташбаев.

Жалал-Абад шаарындагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Эльмира Сатарованын айтымында, бул илдетке чалдыккандар негизинен жаштар.

«Жалал-Абад шаары боюнча ВИЧ/СПИД илдети менен бүгүнкү күндө 314 жаран катталган. Алардын басымдуу бөлүгү 25 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар. Учурда энеден балага жугуу жолуна толук бөгөт койсо болот. Ага дары-дармектер толук жетиштүү. Дартты алдын алуу ар бир адамдын өз колунда, сергек жашоо, өзүнүн ден соолугуна кам көрүү менен илдетке каршы турса болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×