Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.12.2015 08:57

Жалал-Абад шаарында ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын саны 314кө жетти

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын саны 314кө жетти. Жалал-Абад шаарындагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Эльмира Сатарованын айтымында, бул илдетке чалдыккандар негизинен жаштар.

«Жалал-Абад шаары боюнча ВИЧ/СПИД илдети менен бүгүнкү күндө 314 жаран катталды. Алардын басымдуу бөлүгү 25 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар. Учурда энеден балага жугуу жолуна толук бөгөт койсо болот. Ага дары-дармектер толук жетиштүү. Дартты алдын алуу ар бир адамдын өз колунда, сергек жашоо, өзүнүн ден соолугуна кам көрүү менен илдетке каршы турса болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×