Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2015 18:09

Кол уруш боюнча мелдеште жеңүүчү болгон Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги Бишкекте өткөн кол уруш боюнча мелдешке катышып, ийгиликтерди багындырып келген ОИИБдин Тез чара көрүү атайын отрядынын өздүк курамын сыйлады.

ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, башкармалыктын башчысы Жеңиш Жоробеков милиция кызматкерлерин бул жеңиши менен куттуктады.

«Күч органында иштеп жаткан милиция кызматкерлери спорт менен тынымсыз машыгып, ишинде жоопкерчиликтүү иштөө менен кол уруш мелдешинде алдыңкы орундарды ээлегени биз үчүн кубанычтуу», - деди ал.

Бишкек шаарында 22-ноябрда кол уруш боюнча республикалык ачык чемпионат өткөн.

Мелдеш күч түзүмдөрүнүн арасында өтүп, Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы менен Жалал-Абад «Динамо» командалары катышып, 1-орунду ээлешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×