Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2015 15:32

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө жаңы жол чырактар коюлууда

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилиштерине жаңы жол чырактар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башкы инженери Саидибраим Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, бул иштерге 2015-жылга жергиликтүү бюджеттен 1 млн 571 миң 688 сом каралып, 1 млн 363 миң 284 сомдук тендердин жеңүүчүсү аныкталган.  

Учурда россиялык ишканалардан жасалып чыккан жол чырактар шаардын Бабкин, Эркиндик, Чехов, Москва көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлууда. Жаңы жол чырактар Россиянын Томск шаарынан алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×