Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2015 12:34

Жалал-Абад облусунан акыркы 2 жылда 60 тонна жаңгак Европа өлкөлөрүнө экспорттолду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Вега-Плюс» ишканасы жана «Кыргыз токой байлыгы» кооперативи «Fair Trade» (акыйкаттуу түрдө соода-сатык жүргүзүү) сертификатын алышып, Голландияга 2014-2015-жылдары 60 тонна жаңгак жөнөтүлүп, Европа өлкөлөрүндө жакшы кабыл алынды. Бул тууралуу «АгроЛид» коомдук бирикмесинин директору Гүлназ Касеева билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, «Кыргыз жаңгагынын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү» долбоорунун максаты - акыйкаттуу түрдө соода-сатык жүргүзүү принциптерин киргизүү аркылуу жергиликтүү калктын экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат. Аталган долбоорду колдогон уюмдар: Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) жана голландиялык ИККО уюмдары. Долбоорду ишке ашыруучулар: «АгроЛид» коомдук бирикмеси жана Fair Match Support голландиялык кеңеш берүү уюму.

«Аталган долбоорду ишке ашырууда Fair Trade (акыйкаттуу соода сатык жүргүзүү) стандарттарын ишке киргизүү, ХАССП стандарттарын ишке киргизүү, бардык уюмдардын арасында ишенимдүү шериктеш түзүү, насыя алууну уюштуруп берүү кыйынчылыктары болгон. Долбоорду биргеликте ишке ашыруу үчүн «Вега плюс» жоопкерчилиги чектелген ишканасы тандалып алынды», - дейт Г.Касеева.

«Вега Плюс» ишканасынын кызматчыларына ХАССП стандарттары боюнча окуу семинарлары өткөрүлүп, алгачкы иш кагаздары даярдалып чыкты. Ошондой эле, долбоорду ХАССП стандартынын талабы боюнча жүргүзүү үчүн «Вега Плюс» ишканасы жаңгак чагуучу станокторду, жумушчулардын иш убактысында кийип иштөөчү кийимдерди сатып алып даярдашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×