Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2015 11:55

Жалал-Абадда билим берүү тармагына 7 млн сомдук инвестиция тартылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагына быйылкы жылы жалпысынан 7 миллион 32 миң 153 сомдук инвестиция тартылган.

Анын 4 миллион 333 миң 122 сомун мектептер жана жамааттар кошумчалаган. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде 3 мектептин чатыры жабылып, бир мектептин жыйындар залы оңдолгон. Эки мектепке эмеректер алынып, бир катар бала бакчалардын имараттары оңдолуп, керектүү эмеректер жана инвентарлар менен камсыздалды.

«Биз ар кайсы кызыккан тараптар менен билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого аракет кылып жатабыз. Быйылкы жыл жемиштүү болду, кийинки жылы инвестиция тартууну дагы көбөйтүүгө аракет кылабыз»,- деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×