Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.11.2015 09:53

Фото - Жалал-Абадда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Кечээ, 27-ноябрда Жалал-Абад облусунда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземге бир катар райондордун акимдери, райондордун айыл чарба департаментинин башчылары, фермерлер менен жеке ишкерлер жана облустун айыл чарба тармагында өнөктөш катары иштеп жатышкан чет элдик уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркуловдун айтымында, быйылкы жылы өкмөт тарабынан облустун мал чарбасына 1216 субъектиге 433 млн 541 миң сом жана дыйканчылык тармагына 169 субъектиге 42 млн 479 миң сом түрүндө жеңилдетилген 10%дык насыялар берилген.

«Быйылкы жылдын 1-ноябрына карата 49 миң 150 тонна эт, 273 миң 262 тонна сүт жана 2107 тонна жүн өндүрүлдү. Мындан сырткары, талаачылыкта 273 миң 924 тонна дан эгиндери, 132 миң 839 тонна картошка, 255 миң 164 тонна жашылча, 19 миң 929 тонна май өсүмдүгү, 32 миң 447 тонна пахта жана 165 тонна тамеки жалбырактары жыйналды»,- деди өкүлдүн орун басары Б.Анаркулов.

Салтанаттуу жыйында бир катар айыл чарба тармагынын кызматкерлери, айыл аймактарынын башчылары жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары менен фермерлер, жалпысынан 8 адам өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн Ардак грамотасы жана дагы 8 адам өкүлдүн атайын диплому, төш белгилери менен сыйланышты.

Ал эми Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов менен Базар-Коргон районунун айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланышты.

Жалал-Абад облустук айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык салтанатта облустук Барпы театры менен облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын өнөрпоздору кеңири программадагы концерттик программаларын тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×