Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.11.2015 18:37

Жалал-Абадда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамында алдыңкыларга сыйлыктар тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Жалал-Абадда облустагы айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди, деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Берилген маалыматка ылайык, бул салтанаттуу аземге бир катар райондордун акимдери, райондордун айыл чарба департаментинин башчылары, фермерлер менен жеке ишкерлер жана облустун айыл чарба тармагында өнөктөш катары иштеп жаткан чет элдик уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Адамзат баласы жандуу жаратылыштын боорунан өз ырыскысын терип жегенге үйрөнө баштаган алгачкы доордон тартып эле жаратылыш менен эриш-аркак жашап, табияттын мыйзам ченемдери жана шарттары менен жан шерик катары жашоого ылайыкташып келген. Быйылкы жылы өкмөт тарабынан «Айыл банк» жана «РСК» банктары аркылуу мал чарбасындагы 1216 субъектиге 433 млн 541 миң сомго жана дыйканчылык тармагына 169 субъектиге 42 млн 479 миң сом түрүндө жеңилдетилген 10%дык насыя берилген. Быйылкы жылдын 1-ноябрына карата 49 миң 150 тонна эт, 273 миң 262 тонна сүт жана 2107 тонна жүн өндүрүлдү. Мындан сырткары талаачылыкта 273 миң 924 тонна дан эгиндери, 132 миң 839 тонна картошка, 255 миң 164 тонна жашылча, 19 миң 929 тонна май өсүмдүгү, 32 миң 447 тонна пахта жана 165 тонна тамеки жалбырактары жыйналды», - деди өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар айыл чарба тармагынын кызматкерлери, айыл аймактарынын башчылары жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары менен фермерлер, жалпысынан 8 адам өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мындан тышкары дагы 8 адамга өкүл атайын диплом жана төш белгилерди ыйгарды.

Ал эми Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов менен Базар-Коргон районунун айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Мыкты кызматкер» төш белгилерине ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×