Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.11.2015 17:43

Жалал-Абадда Майып жарандардын эл аралык күнүнө карата «Биз биргебиз» акциясы өтүүдө

Turmush -  Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда «Биз биргебиз» аттуу акция өтүүдө.

Бир айлык акциянын алкагында облустагы райондук администрацияларда, мэрияларда, айыл өкмөттөрдө жана мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалынан кабар алышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда облуста 20 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, анын 12 миңге жакынын өспүрүмдөр түзөт. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×