Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.11.2015 16:44

Жалал-Абад шаарынын айрым жетекчилерине эскертүүлөр берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын аткаруу комитети бүгүн, 27-ноябрда өткөн жыйында иште кетирген кемчиликтери үчүн айрым шаардык жетекчилерге эскертүүлөрдү берди.

Мэриядан билдиришкендей, жыйында мекеме-ишканалардагы коррупцияга каршы чараларды жүргүзүү, тазалык, көрктөндүрүү жана коммуналдык тейлөө иштерин аткаруу, орто окуу жайлардагы абал тууралуу маселелер каралды.

Айрыкча, тазалык, көрктөндүрүү жана коммуналдык тейлөө жагынан айрым кетирилген кемчиликтер талкууга алынып, ушул тармакты башкарган жетекчилерге эскертүү жарыяланып, кемчиликтерди тез арада четтетүү жагы милдеттендирилди.

Жыйынга төрагалык кылган шаар мэринин биринчи орун басары Таирбек Чойбеков шаар жетекчилерин жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×