Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.11.2015 11:38

Фото - Жалал-Абадда өткөн жаңгак фестивалында сүрөт сынагы уюштурулуп, лотерея ойнотулду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында кечээ, 26-ноябрда өткөн жаңгак фестивалында окуучулар арасында өткөн сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ошондой эле, лотерея билеттери ойнотулуп, утуштарына кол өнөрчүлөрдүн колунан жасалган баалуу белектер жана торттор берилди. Фестивалда жангактан ар түркүн азем белектерди, оюнчуктарды жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулду.Жаңгакты башка чет мамлекеттерге белекке алып барууда кантип кооздоп алуу ыкмалары көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.

Жаңгак фестивалына өздөрүнүн товаларлары менен катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык баракчалары жана баалуу белектер берилди.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучуларынын жаңгак темасында тарткан сүрөттөрү калыстар тобунун сынынан өтүп, мыктыларына дипломдор менен колдон жасалган азем белектер тапшырылды. Барпы театрынын артисттери концерттик номерин, «Ай-Бий» тобунун бийчилери өздөрүнүн бийлерин фестивалдын катышуучуларына тартуулашты.

Кыргыз жаңгакгын дүйнөгө таанытуу максатында өткөн фестиваль быйылкы жылы экинчи жолу өтүп жатат. Бул иш-чараны мындан ары да улантуу ниеттери бар экендигин уюштуруучулар билдиришти.

Тема боюнча: Фото - Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өтүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×