Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2015 13:52

Жалал-Абадда 9 айда 12 миңден ашык адам жумушсуз катары расмий катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында жумушсуздук боюнча расмий катталгандардын саны 12461 адам болуп, анын ичинен 55,7%ын аялдар жана 66%ын жаштар түздү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 3552 жумушсуз адам жумушка жайгаштырылган.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 119,6%ды түзүп, анын ичинен 3465 адам бош орундарга, 127 жумушсуз жаңы түзүлгөн жумуш орундарына жайгаштырылган.

Ал эми 9 айда 1305 жумушсуз кесиптик даярдоого, 2093ү коомдук иштерге жөнөтүлгөн. Чакан насыя берүү боюнча 127 жумушсузга 3 млн 835 миң сомдук чакан насыялар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×