Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2015 13:44

Жалал-Абад облусунда жакырчылыктын деңгээли 3,8%га төмөндөдү

Turmush -  Жалал-Абад облусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата калктын жалпы саны 1 млн 111 миң 345 жаранды түздү. Облуста жалпы 228 миң 148 кожолук бар.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жакырчылыктын деңгээли 33,4%ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштымалуу 3,8%га төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата республикалык бюджеттин каражатынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 116 миң 963, ал эми керектелүүчү каражат 898 млн 758,1 миң сом жана 6852 адамга социалдык жеңилдиктер каралган. Керектелүүчү сумма 142 млн 826,7 миң сом болуп, төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×