Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2015 13:09

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө ачык турган люктар жарандарга кооптуу болууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын жол четиндеги бир катар люктардын темир капкактары жок турат. Борбордук көчө катары эсептелген Ленин көчөсүндө эле үч люк ачык турат.

Жалал-Абад шаарында 10 жылдан бери батирде жашап жүргөн Фарида Кудайбердиеванын айтымында, мындай жагдай шаар жашоочулар үчүн кооптуу.

«Бул люктар аркылуу мен билгенден телефон байланыш менен камсыз кылган кабелдер, суу түтүктөрү өтөт экен. Капкактары ачылган жерлер акыр-чикирлерге толуп кеткен. Жаш балдар түшүп кетеби деп коркобуз. Түн ичинде көчөдөн өткөн жарандар деле түшүп кетиши мүмкүн, жөө жүргүнчүлөргө, айдоочуларга кооптуу болууда», - дейт ал.

Улан Маматкасымов аттуу жаран жүргүнчүлөр үчүн бул люктар кооптуу экенин айтты.

«Бир жолу үчөөбүз болуп кетип бара жатканбыз. Артыбыздан келе жаткан досубуз бир маалда жок болуп калды, кайрылып карасак, люкка түшүп кетиптир, чыгарып алганбыз. Экономика жана ишкердик университетинде окутуучу болуп иштеген агай да люкка түшүп кетип, буту сынып, бир топ убакытта жакшы болгон. Капкактары жок калган люктардын абалы боюнча көп эле айтылды, маселе чечилбей жатат. Жарандар да люктун темир капкактарын уурдап кетип жатышат, алар да жооп бериши керек. Шаар бийлиги бул маселеге көңүл бурушу зарыл», - дейт ал.

Шаар бийлиги люктардын темир капкактарын уурдоо көп болуп жатканын, калыбына келтирүү боюнча кадамдар жасалып жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×