Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2015 12:02

Фото - Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаңгак фестивалы өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестивалдын ачылыш аземине өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бакытбек Анаркулов баштаган бийлик өкүлдөрү, «АгроЛид» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлназ Касеева, «CIZ» Германиялык кызматташтык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Б.Анаркуловдун айтымында, облуста 40 миң гектарга жакын жаңгак токойлору бар.

Ал учурда жаңгак аянттарын көбөйтүү кадамдары жүрүп жатканын белиледи. «Фестивалды өткөрүүнүн максаты кыргыз жаңгагын дүйнөгө таанытуу»,  -дейт ал. 

Фестивалдын алкагында жаңгак көргөзмөсү да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×