Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2015 11:09

Жалал-Абаддын Достук аймагында муктаждарга жардам берүү маселеси каралды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында жер титирөөдөн жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына жана Жалал-Абад шаарындагы майыптарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда Достук аймактык башкармалыгынын жооптуу катчысы Шарипа Мамбаева билдирди.

Анын айтымында, 2-декабрда Жалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Данакер» аттуу коому майыптар үчүн марафон өткөрүүнү пландаштырууда.

Аймактык башкармалыктын кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын жер титирөөдөн жабыр тарткандарга которууга макулдуктарын беришти.

Кварталдык комитеттердин башчыларына «Данакердин» марафонуна катышып, жардам көрсөтүү сунушталды.

Достук аймактык башкармалыгынын аймагында 112 майып адам катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×