Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.11.2015 12:51

Калктын маданиятка болгон көз карашын өстүрүүнү максат кылган жалал-абаддык сүрөтчү С.Кадыровдун көргөзмөсүнөн фоторепортаж

Turmush -  Кечээ, 18-ноябрда Жалал-Абад шаарынын облустук Барпы театрында жеке сүрөтчү Салмоорбек Кадыровдун 50гө жакын живопись жанрында тартылган сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Көргөзмө 2 күнгө созулат, деп билдирди С.Кадыров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Көргөзмөгө шаардыктар, жаштар келишип, Кыргызстандын анын ичинде Жалал-Абад облусунун кооз жерлери тартылган сүрөттөр менен таанышып, сүрөтчүгө ийгиликтерди каалашты.

Салмоорбек Кадыров 1995-жылы А.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. Окуу жайды аяктагандан бери Ош сүрөтчүлөр союзунда иштеп келет.

Анын тарткан сүрөттөрү чет мамлекеттерге жана мекендештирине сатылган. Кээ бир күйөрмандарынын үйүндө сүрөттөр топтому сакталып турат.

«Бул көргөзмөнү өткөрүүнүн негизги максаты – өзүмдүн чыгармаларымды элге жеткирүү, тааныштыруу, маданиятты көтөрүү болуп саналат. Ошондой эле, элдин маданиятка болгон аң-сезимин өстүрүүгө көмөк көрсөтүү. Мындай көргөзмө башка облустарда да уюштурулат», - деди сүрөтчү С.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×