Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.11.2015 08:45

Cүрөтчү С.Кадыровдун Жалал-Абаддагы көргөзмөгө чыгарган живопистери (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-ноябрда Жалал-Абад шаарынын облустук Барпы театрында жеке сүрөтчү Салмоорбек Кадыровдун 50гө жакын живопись стилинде тартылган сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Көргөзмө 2 күнгө созулат.

Көргөзмөгө шаардыктар, жаштар келишип, Кыргызстандын анын ичинде Жалал-Абад облусунун кооз жерлери тартылган сүрөттөр менен таанышып, сүрөтчүгө ийгиликтерди каалашты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жеке сүрөтчү Салмоорбек Кадыров 1995-жылы А.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. Окуу жайды аяктагандан бери Ош сүрөтчүлөр союзунда эмгектенет. Анын тарткан сүрөттөрү чет мамлекеттерге жана мекендештирине сатылган. Кээ бир күйөрмандарынын үйүндө сүрөтчүнүн тарткан коллекциялары сакталып турат.

«Бул көргөзмөнү өткөрүүнүн негизги максаты – өзүмдүн чыгармаларымды элге жеткирүү, тааныштыруу, маданиятты көтөрүү болуп саналат. Ошондой эле, элдин маданиятка болгон аң-сезимин ойготуу максатында ушул иш-чара уюштурулуп жатат. Мындай көргөзмө башка облустарда да уюштурулат», - дейт сүрөтчү С.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×