Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.11.2015 18:00

Айыл турмушу: Базар-Коргондун тургуну 25 жылдан бери үйүнүн 2 бөлмөсүн китепкана кылып, анын фондун 5 миңге жеткирди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук борбордук китепкананын №17 филиалынын китепканачысы Перизат Аманкулова 25 жылдан бери өзү жашаган үйдө китеп фондун сактап келет.

П.Аманкулованын айтымында, аталган айылдагы китепкана 1980-жылы айыл тургундарына кызмат кылууну баштаган. Алгач китепкана ФАПка тиешелү имараттын жарымында жайгашкан. Бирок ФАПка кайрылган жарандардын саны өскөндүктөн, китепкана айылдагы маданият үйүнө көчүрүлгөн. Бирок маданият үйү 1990-жылдагы катуу жаандан улам жараксыз абалга келип, ал жактан да көчүүгө туура келген.

Китепканага ылайыктуу башка имарат жок болгондуктан ошол кездеги жергиликтүү бийлик китепкананы биротоло жаап салуу сунушун киргизген. Буга каршы чыккан П.Аманкулова, 1993-жылы китеп фондун өз үйүнө көчүргөн.

«Өзүмдүн үйүм 4 бөлмө болгонуна карабастан анын 2 бөлмөсүн китеп фондун сактап калуу үчүн бөлдүм.

Китеп адамдын руханий жактан өсүшүнө жардам берет. Айыл тургундарынын арасында китепти сүйүп окугандар бар», - деп билдирди китепканачы айым.

П.Алымкулова белгилегендей, китеп фондун сактоо үчүн үйүнө көчүрүп иштеп жүргөн алгачкы жылдары маяна алган эмес.

«Мен ошол кезде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маяна албасам да мейли, китеп фондун сактап калалы, мага бергиле деп сурандым. 1 жылдан кийин гана менин иштеп жатканымды көрүшүп, маяна бериле баштады», - деди П.Алымкулова.

Ошол учурда 1 миң 500 китеп болгон китепкананын китеп фонду бүгүнкү күндө 5 миңге жетип, 800гө жакын окурманга кызмат кылууда.

«Өзүм аракет кылып отуруп бүгүнкү күндө китеп фондун 5 миңге жеткирдим. Мамлекеттен болгону маяна гана чегерилет, ал эми өзүмдүн үйүм болгондуктан электр энергиясына өзүм акча төлөйм», - деди китепканачы.

Ал китепканага имарат салынса китеп фондун өз шакирттерине өткөрүп берүүнү көздөйт.

Китепкананын жаңы имараты курулса китеп фондуна өзүмдүн атымдан 1 миң даана китеп кошуп, белек катары тапшырып берем. Бирок бүгүнкү күнгө чейин имарат маселеси чечилбей келүүдө, деп кошумчалады ал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган айылга кийинки жылы китепкана үчүн имарат куруу пландалып жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×