Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.11.2015 11:00

Жалал-Абадда төкмө акын Р. Козукеевдин 60 жылдык мааракеси «Курманбек» стадионунун ачылыш аземи менен коштолду (фото)

Turmush -  Кечээ, 6-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунун ачылыш аземи КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү төкмө акын Рахматулла Козукеевдин 60 жылдык мааракесине арналган концерттик программа менен коштолду, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жалал-Абадда 35 млн сомго оңдолгон 3 миң орундук «Курманбек» стадиону пайдаланууга берилди (фото)

Р.Козукеевдин мааракесинин урматына уюштурулган салтанат менен стадиондун ачылышына Маданият жана маалымат министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өлкөнүн жети облусунан келген коноктор, Кыргызстандын белгилүү төкмө акындары, эстрада ырчылары, шаар тургундары катышты.

Рахматулла Козукеев эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты, Түркияда өткөн түрк тилдүү төкмө акындардын «Айтыш» фестивалынын алтын медалынын ээси.

Ушул жылы төкмө акынга ЭлТР телеканалындагы «Ак таңдай» теледолбоорунун алкагында уюштурулган «Алтын комуз» байгеси ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×