Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.10.2015 16:22

Жалал-Абадда өткөн «Кыз-жигит» сармерден айтышында аялдар командасы утту

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кечээ, 14-октябрда болгон «Кыз-жигит» сармерден айтышында шаардагы Достук жана Курманбек аймактык башкармалыктарынан куралган аялдар командасы утуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Достук аймактык башкармалыктын жетекчиси Маданбек Адыкулов билдирди.

Анын айтымында, алар 62 упай топтоо менен 1-орунду ээлеп, мэрия менен шаардык кеңештин диплому жана 4,5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Бул топко аталган эки аймактык башкармалыктын аймагында иштеген мектептердин мугалимдери менен жашоочулары кирди. Сармерден айтышына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ж.Эгамбердиева, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат башчысы Б. Жантөрөев, шаардык кеңештин төрагасы Э.Ормоков катышты», - дейт ал.

Сармерден айтышында 61 упай топтоо менен 2-орунду Ч.Айтматов жана Спутник аймактык башкармалыктарынан куралган эркектер тобу ээледи. Аларга да мэрия менен шаардык кеңештин диплому жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Тема боюнча: Жалал-Абадда кыргыз тилине арналган «Кыз-жигит» сармерден айтышы өттү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×