Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.09.2015 10:56

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына 600 млн сомдук жаңы жабдуулар бөлүндү

Turmush -  Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына мамлекеттен 600 млн сомдук жаңы жабдуулар бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 18-сентябрдагы иш сапарынын алкагында оорукананын дарыгерлери менен жолугушкан вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

Жолугушууга өкүл Жумагүл Эгембердиева, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев, Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак жай мамлекеттик агенттигинин стат-катчысы Самат Бөрүбаев катышты, деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Дарыгерлердин эмгек маяналары 2011-жылдан тартып 3 жолу көбөйтүлдү, деген өкмөт мүчөсү: «Дарыгерлер – булар жоокер сыяктуу ар дайым өз иш ордуларында турушу керек.

Облустук биргелешкен ооруканасынын имаратын жаңылоо зарылдыгы бар. Сиздерге 600 млн сомдук жаңы жабдуулар бөлүндү. Мындан ары дагы материалдык-техникалык жабдуулар менен медициналык аппараттарды жаңылоо иштери максаттуу түрдө улантылат. Сентябрдан баштап республикада мугалимдердин эмгек маяналары 50%га көбөйтүлдү. Эмки кезек дарыгерлердики болот», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×