Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.08.2015 16:39

Айыл турмушу: Жалал-Абадда Ахмедияр аттуу жигит унаасын сатып, короо шыпырууга шаймандарды алып, «Таза короо» тобун түздү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Ахмедияр Кадышов өзүнүн жеңил унаасын сатып, короо шыпырууга шаймандарды алып, «Таза короо» демилгесин ишке ашырды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Кадышовдун айтымында, ал өзү Алайдын кулуну, 26 жашта. Бирок, Жалал-Абад шаарында окуп, иштеп калгандыктан шаарга деген патриоттук сезими күч. Учурда ал төрт кыздан турган чакан топ түзүп, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен келишим түзүп, бир жумада бир жолу үйдүн айланасын шыпырып, тазалап, подъезддерди жууп, иш алып барууда.

«Мындай демилгени иш жүзүнө ашыруу идеясы алыскы Түркия мамлекетинин Анталия шаарында жүргөн кезимде пайда болду. Негизинде мен ал жакка досторумдун чакыруусу менен эс алганы эмес, иштегени барганмын. Мени таң калтырганы ал жердеги айлана чөйрөнүн тазалыгы болду. Эмне себептен биздин Жалал-Абад шаарын таза шаар кылууга болбосун деген ой пайда болду. Ошол идеяны ишке ашыруу үчүн шаарга келип, менчик автоунаамды сатып, короо шыпырып-тазалаганга керектүү шаймандарды сатып алып, төрт кызды жарыя аркылуу ишке тартып, кыздарга форма алып берип, ишти баштадык»,- дейт ал.

Ахмедияр өзүнүн идеясын алгач Жалал-Абад шаарындагы тазалык муниципалдык мекемесинин жетекчиси Төлөнбек Бакировго айтып, алар тарабынан колдоого ээ болгон.
«Менин эң негизги максатым - элдин таза абада дем алышына шарт түзүп, аларга тазалык тартуулоо болуп эсептелинет. Биз бул ишти 1-августтан тарта баштаганыбызды көпчүлүк эл шайлоо менен байланыштырышууда. Бирок, биз эч кандай партиянын катарында эмеспиз жана бизди бир дагы партия каржылаган жок. Иштеген акыбыз үчүн 1 айга ар бир батир 100 сом төлөй тургандыгы боюнча келишим түздүк», - дейт А.Кадышов.

Ал белгилегендей, эгер шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары бул демилгени колдоого алышса, дагы жумуш орундарын көбөйтүп, кошумча жумушчуларды ишке алууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×