Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.11.2015 17:49

Айыл турмушу: Жалал-абаддык уста камыштан 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берүүчү үйлөрдү курат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Бактыбек Сулайманов 2012-жылдан бери камыштан үй салып келет. Ал алгач камыштын өзгөчөлүктөрү, курулган үйлөр боюнча баяндалган китептерди атайын Бишкектеги китепканалардан алып окуп, кенен маалыматка ээ болгон. Б.Сулайманов бул иши тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Үй куруу үчүн алгач Көк-Жаңгак шаарындагы 1934-жылдары курулган үйлөрдү бузуп көрдүк. Ал үйлөр камыштан курулуптур. Алардын камыштары чирибей, жыгачтары чирип кеткенин көрдүк. Ушундан улам камыш үйлөр чыдамдуу келет экен деген ой келди. Андан соң камыш тууралуу кенен маалымат топтоп, тобокелге салуу менен элден 1500 боо камыш сатып алдык. Алгач бир бөлмөлүү үй куруп көрдүм», - деди ал өз сөзүндө.

1

Келген кардарлар камыштан байкоо катары салынган үйдү көрүп, андан соң буюртма беришет. Курулган үйлөрдүн ичине гипсокартон кагылат, сырты цемент, кум, аки таш кошуп шыбалат.

10 сантиметрлик калыңдыктагы камыш дубал 40 сантиметрлик дубалдан жылуу, деп кошумчалады.

«Мисалга алсак, камыш нымга чыдамдуу келет, аны өздөрү ойлоп тапкан табылгасы менен токуганда тактадан да каттуу болуп калат. Экинчиден камыштын ички түтүкчөсү жылуулук кармап турат жана 70-80 жылга чейин чирибейт. Жеңил жана ийилчээк келип, 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Дагы артыкчылыгы, жашоочулардын жашап жаткан жери жашоого ылайыкташпай калса, камышты башка жерге которуп, кайрадан тургузуп алууга мүмкүн», - дейт уста.

8

9

Учурда камыштан онго жакын үй жана бир эс алуучу лагерь курулган.

Б.Сулаймановдун айтымында, туурасы 6, узуну 11,5 метр болгон 5 бөлмөлү үй 750 миң сомго курулат. 2-3 бөлмөлү үйлөр 10-15 күндүн ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Үй курууга кеткен камыштын бир боосун 45 сомдон 60 сомго чейин сатып алышат. 5 адамдан турган куруучулардын командасы буюртмага жараша айына 25 миң сомго чейин киреше алышат.

Бактыбек Сулаймановдун уулдары дагы камыштан курулган үйдө жашаш

2

 

3

5

7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×