Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.07.2015 19:32

Жалал-Абадда Р.Абдыкадыров атындагы клубдун мүчөсү болуп кабыл алынган кыргыз-тажик жазуучусу М.Каримовго билет тапшырылды

Turmush -  Кыргыз-тажик жазуучусу жана журналист Мирзохалим Каримовго Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдында иштеп жаткан Рыспай Абдыкадыров атындагы клубдун мүчөлүгүн тастыктаган төш белги менен мүчөлүк билет тапшырылды. Мүчөлүк билет менен төш белгини клубдун жетекчиси Султан Борошевдин сунушу менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзуибраимов тапшырды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Клубдун төрагасы С.Борошевдин айтымында, учурда Р.Абдыкадыров атындагы клубдун 161 мүчөсү бар, ошондой эле республиканын бир нече облустарында клубдун филиалдары ачылган.

Клуб – Р.Абдыкадыровдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралу 6 томдук китеп даярдап чыгарганы белгилүү. Ошондой эле ырчынын бир нече ырлары чет тилдерге да которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×