Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.07.2015 11:53

Жалал-Абадда эки акындын кыргыз жана өзбек тилиндеги ырлар жыйнагы жарыкка чыкты

Turmush -  Жалал-Абад облустук китепканасында акын, ырчы Нуркан Койчуманованын «Сага деген махабат» аталышындагы ыр китебинин бет ачаары өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

2-июлдагы бет ачаар аземине келген акын-жазуучуларга Нуркан Койчуманова өзүнүн калемине тиешелүү болгон ырларын көркөм окуп берди. Иш-чаранын соңунда облустун ар кайсы аймактарынан келген поэзия сүйүүчүлөрүнө, акын-жазуучуларга кол тамга жазып берүү менен жаңы ыр китебин акысыз таратты.

Ушул эле китепканада Бишкектен келген кыргыз-тажик жазуучусу жана журналист М.Каримовдун өзбекчеге которулган «Кыздын күйүтү (Кизалокнинг дил дарди)» аталышындагы жаңы китебинин бет ачар аземи болуп, автор жолугушууга келгендерге жаңы китебин таратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×