Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.06.2015 14:30

Жалал-Абаддагы Барпы театрынын жамааты Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенттери менен толукталды

Turmush -  Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин 10 бүтүрүүчүсъ Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында калат. Буга чейин ү окуу жай менен театр жетекчилигинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп келген.

Ошондой эле, таетр жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик ортосунда да сүйлөшүү жүрүп, аларга 1 жылдык мөөнөткө жатакана маселеси чечилди. Ал эми тамак-ашына да театрдын атайын каражатынын эсебинен колдоо көрсөтүлүп турмакчы.

Театр жетекчиси Санжар Берикбаевдин айтымында, театрга 1992-жылы бир группа артисттер келген, 1995-жылы да чыгармачыл адамдардын бир тобу келген. Андан бери театрга чыгармачыл топ келе элек.

«Бизде спектакль жаратууда бир аз кыйынчылыктар орун алып келген болчу. Жаңы дем менен толукталып жаткан жаштардан үмүт артып турабыз», - дейт театр жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×