Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.06.2015 13:11

Жалал-Абадда А.Осмоновдун чыгармачылыгына арналып 6 ай мурун жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кечээ, 10-июнда Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата жарыяланган сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Сынактын комиссиясынын чечими менен Жалал-Абад шаарынан Жыргалбек Алымжан уулу «Алп акынга» аттуу ыры менен 1- орунга чыгып, 3000 сом жана димлом менен сыйланды. 2-орунга «Кыргыз үчүн сен түбөлүк өлбөйсүң!» деген ыры менен Сузак районундагы Октябрь айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Сарыбай Орунбаев (байгеси 2000 сом), ал эми, 3-орунга «Алыкулдун арманы» аттуу ыры менен Жалал-Абад шаарынан Бегижан Алымкулов ээ болду (байгеси 1000 сом).

Мындан сырткары, 4 кызыктыруучу сыйлыкка Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин студенттери Алина Замирбек кызы, Айша Ысманалы кызы, Жолболду Султан уулу жана Дилде Нурмамат кызы татыды.

Аталган сынак 2015-жылдын январь айында жарыяланган. Сынакка А.Осмоновдун чыгармалары жөнүндө жазылган ырлар, эскерүүлөр, эссе жана очерктер кабыл алынары кулактандырылган. Жыл башынан бери облустук гезиттин редакциясына 20дан ашык ыр жана проза түрүндө жазылган чыгармалар келип түштү. Алардын арасынан татыктуу деп тандалып алынган ырлар гезитке жарыяланып, 7 ыр сынактык комиссиянын чечими менен сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×