Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.06.2015 14:58

Жалал-Абадда америкалык жана кыргызстандык бийчилердин катышуусунда өткөн жаштар фестивалында граффит искусствосу боюнча сабактар да өтүлдү

Turmush -  Кечээ, 3-июнда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында «Kyrgyz-American Hip-Hop Fest 2015» аталышындагы жаштар фестивалы болуп өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, фестивалда АКШдан келген 8 бийчи жана кыргызстандык таланттуу бийчилер, белгилүү хип-хопчулар жана ди-джейлер бий сүйүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары, АКШнын жана Кыргызстандын эң мыкты граффитисттери конокторго эмгектерин көрсөтүштү.

Ошондой эле, АКШдан келген коноктор бий жана музыканы сүйгөн, граффит көркөм искусствосу менен алектенген жаштарга мастер-класстар сериясын көрсөтүп, сабак өтүштү.

Белгилей кетсек, «Kyrgyz-American Hip-Hop Fest 2015» фестивалы Кыргызстандын 5 шаарында өткөрүлөт. Бул иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана «АЛУА» демилгелүү жаштарды колдоо коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×