Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.06.2015 11:38

Айыл турмушу: Лондондо окуп 4 тилде эркин сүйлөгөн Айтурган менен Бегимай өз мекенине келип, билимин тең бөлүшүүдө

Turmush -  Нургүл Чүрөкованын Лондондо окуп, үйүнө эс алууга келген эки кызы окуу борборунда өз ыктыяры менен иштеди. Алар кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Улуу кызы Айтурган Зулпукарова окуусун мындан ары магистратурада улантмакчы. Ал дизайнерликке кызыгат, сайма саят, сүрөт тартат. Улуу Британияда окуган кыргыз студенттер мурдагы жылы жаз айларында Лондонго тиккен боз үй Айтургандын сүрөттөрү менен кооздолгон. Көп тил билүүнүн артыкчылыгы тууралу ой бөлүшкөн Айтургандын алдына койгон асыл максаттары кимди болсо да шердентет.

«Көп тил билсең, ошо тилде ойлоносуң. Терең билимдүү болуу, чет тилди билүү менен ар кайсы мамлекеттердеги адамдар менен ээн-эркин баарлашасың. Бизнес жасоону үйрөнүү үчүн башка өлкөлөрдү кыдырууга туура келет. Чет өлкөлөрдөн терең билим алып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз үлүшүмдү кошуп, өлкөбүздү өнүктүрсөк деген тилегим бар. Мага тааныш жалал-абаддык балдардын Германияда, Түркияда окугандарын билем. Алар өз туулган жерине сөзсүз пайдасын тийгизет, деген ойдомун», - дейт ал.

Анын бир тууган сиңдиси Бегимай Зулпукарова да Лондондогу атактуу Университетте окуйт. Бегимай эне тили менен орус жана түрк тилин Жалал-Абадда, мектепте окуп жүргөндө эле мыкты өздөштүргөн. Анын пикири боюнча, ар түрдүү элдин тилин билүү менен ошол калктын тарых жана маданиятын, салт-санаасын өздөштүрөсүң.

Ал көп тил билүүдөн тышкары, кыргыз жана англис тилдеринде ырдайт. Улуу Британиядан үйүнө, Кыргызстанга кайтып келатканда, ал олтурган самолет Түркияга конгондон кийин кыйла убакыт тыныгуу болуп калат. Ошондо Бегимайдын самолетте бирге учуп келаткан шериктери түркчө билбей, аэропортто кала берет. Бегимай болсо, түрк тилин да мыкты билгендиктен бош убакытты куру кетирбей, аэропорттон Стамбулга чейин саякаттап барып келгенин айтып берди.

«Аэропортто бир күнгө калып кеттик. 24 саат бош убакытыбыз бар эле. Эмне кылуу керек? Аба бекетинде бош олтура бергенден көрө Стамбул шаарын кыдырып көрүүнү чечтим. Тилдин пайдасы ошол жерде да тийди. Түркчө билгендигим үчүн чакан автобустардын кайсы көчөгө токтоп, андан ары эмне деген көчөлөр менен жүрөөрүн сураштырып олтуруп, андан ары троллейбус менен Стамбулга жеттим. Тил билбегенимде адашып калып, силердин араңарда азыр олтурат белем, жокпу, ким билет? А балким, жоголуп кетмекмин», - деди ал тамашага салып. - Көп тил билгенге кичинекей кезимден үйрөнгөм. Көп тил билсең, билим алганга жакшы.

Апасынын айтымында, Бегимайдын Бишкекте окуган эки иниси да билимге ынтызар. Жалал-Абадда балдарынын көп тил билүүсүн каалаган ата-энелер тейлөө акысы кымбат экенине карабай, ушул «Симба» окуу борборуна беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×