Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.05.2015 14:59

Жалал-Абад облусунда 4 айдын ичинде 41 жаран ВИЧти жугузду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында төрт айда облустун 41 тургуну СПИДдин ВИЧ илдетин жуктурганы аныкталды. Алардын арасынан эки балага ВИЧ илдети энелеринен жуккан.

Бүгүн, 29-майда Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери Элмира Сатарова аймактык кабарчыга билдиргендей, былтыркы жылдын төрт айында облуста 21 адам ВИЧ илдетин жуктурган. Быйыл 41 ВИЧ илдеттүү адамдардын ичинен 57,9%ын аялдар, 42,1%ын эркектер түздү.

Бейтаптардын 71%ы ВИЧти жыныстык жол аркылуу, 14,6%ы кан аркылуу жукса, 4,9%ы энеден балага жуккан. Быйыл төрт айда кош бойлуу беш энеден да ВИЧ инфекциясы бар экендиги аныкталды.

Маалыматка ылайык, ВИЧти жыныстык жол менен жуктурган 78% адамдын ичинен 2,4%ын гомосексуалисттер түздү.

ВИЧ илдетине чалдыккан кишилер айрыкча Жалал-Абад шаары менен Сузак, Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан көп табылууда, деди Э.Сатарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×