Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.05.2015 14:38

Жалал-Абаддагы өнөрпоздор катышкан Түркиядагы фестивалда «Манас» эпосунан үзүндү айтуу номуру өзгөчө көңүл бурууга татыды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун өнөрпоздору эл аралык «Түрксой» уюму уюштурган эл аралык фестивалга биринчи жолу катышты. Бул тууралуу «Бактынур» продюсердик борборунун жетекчиси Нуркан Койчуманова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, фестиваль Түркиянын Балыкесир шаарында өттү.

«Фестивалга катышуу үчүн алдын ала чыгармаларыбызды жөнөткөнбүз. Тандоодон өтүп, «Түрксой» эл аралык борборунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн чакыруу келди. Облусубуздун өнөрпоздору бул фестивалга биринчи жолу катышты. Иш-чарага «Айбий» бийчилер тобу, 60 жаштагы манасчы энебиз, базаркоргондук Акбермет Токтогулова, ырчы Динара Тилекеева ошондой эле, жаш комузчулар болуп катышып келдик. Алып баруучулар көрүүчүлөргө «Манас» эпосу тууралуу кеңири маалымат берип, «Манас» айтуу номуру өзгөчө көңүл бурууга татыды», - деди Н.Койчуманова.

Аталган фестивалга 8 мамлекеттин өнөрпоздору катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×