Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.05.2015 15:04

Жалал-Абад шаарында кызамык жана кызылча оорусунун алдын алуу үчүн эмдөө башталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 12-майда кызамык жана кызылча оорусунун алдын алуу үчүн эмдөө башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдайт.

«Шаар боюнча 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, эки ФАП бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери тарабынан буга чейин шаардагы бала бакчалардын тарбиячыларына жана мектеп мугалимдерине, ошондой эле окуучуларга кызамык жана кызылча оорусу тууралуу түшүндүрүу иштери жүргүзүлгөн. Ал эми бүгүнтөн баштап 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, бала бакчалардан баштап жогорку окуу жайларынын студенттерине чейин эмдөөдөн өтүшөт», - деп билдирди областтык үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Маматжан Миянов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×